Ссылки доступа

Донбасстагы ишканалардын жабдыктары Орусияга чыгарылган


Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгынын өкүлү Вадим Скибицкий 5-мартта маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, Донецк жана Луганск облустарындагы 20дан ашуун ишкананын жабдыктары Орусияга чыгарылып кеткен. Анын ичинде мамлекеттик “Топаз” компаниясы, ок жасаган завод, Луганск жана Харцыз машине куруучу заводдор бар.

"13 ишкана толугу менен тонолгон, андагы темир-тезектин баары металлоломго сатылууда" деди Скибицкий. Ал Украинанын чыгышындагы экономикалык инфраструктуранын кыйрашына орустардын салымы Чалгын башкармалыгы тарабынан катталып жатканын да кошумчалады.

Москва өз кезегинде Киевдин мындай айыптоолорун четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG