Ссылки доступа

АКШ менен ЕБ "Заман" гезитине кабатырлыгын билдирүүдө


АКШ менен Евробиримдиктин өкүлдөрү Zaman гезитинин тегерегиндеги кырдаалдан улам Түркиядагы сөз эркиндигинин абалына кооптонуусун билдирди.

Гезитти күч менен басып алуудан кийин англис тилиндеги Zaman today басылмасы башкы бетине капкара жазуулар менен “Түркиянын сөз эркиндиги үчүн кара күн” деп аталган макаланы басты.

Эң көп нускалуу "Заман" гезити, "Жихан" кабар агенттиги жана бир катар журналдарды чыгарган "Феза Газетежилик" компаниясы бозгундагы түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди колдойт деген таризде бийлик тарабынан кысымга алынган.

Бул басылманын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1994-жылдан бери иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG