Ссылки доступа

Өзбекстандык мушкер Чагаев дүйнө чемпиону макамын сактай албай калды.


Чечен республикасынын Грозный шаарында өткөн таймашта оор салмактагы дүйнө чемпиону болуп австралиялык мушкер Лукас Браун табылды.

Ал буга чейин чемпион болгон өзбекстандык Руслан Чагаевди 10чу раундда техникалык нокаут менен жеңген.

Чечен лидери Рамзан Кадыров-Чагаевдин көп жылдан берки күйөрманы. Таймашка чейин өзбек спортчусу таразалоого жасалгалуу автоунаа жана куралдуу чечен улутундагы күзөтчүлөрдүн курчоосунда келген.

Чагаев WBA макамын 2014-жылы утуп алган. Ага чейин 2009-жылы украиндик Владимир Кличко жана 2011-жылы орусиялык Александр Поветкинден утулуп калган.

XS
SM
MD
LG