Ссылки доступа

Бир нече орусиялык спортчу допинг-тесттен өтө албай калды


Орусиялык теннисчи Мария Шарапова маалымдагандай, Австралия-2016 ачык чемпионатында допинг-тесттен өтө албай калды.

7-март күнү Лос-Анжелесте маалымат жыйынын куруп, акыркы 10 жылдан бери ден соолугуна байланыштуу тыюу салынган мельдоний дарысын колдонуп жүргөнүн билдирген.

“Мен өзүмө толук жоопкерчиликти алам... Мен чоң ката кетирдим... Мен карьерамды ушунтип токтоткум келбейт, мага теннисте калууга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет деп үмүттөнөм”, - дейт Шарапова.

28-жаштагы теннисчи, Чоң шлем турнирлеринин 5 жолку жеңүүчүсү азыркы убакытта кандай жазага тартыларын билбейт. Спорттогу карьерасын улантуу же токтотуу маселеси иликтөө иштери бүткөндө маалым болот.

Буга чейин маалым болгондой, мельдонийди колдонгондугу үчүн орусиялык фигуристка Екатерина Боброва жана анын муз үстүндө өнөктөшү Дмитрий Соловьев АКШдагы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттан четтетилген. Тыюу салынган препарат дагы бир нече орусиялык спорчулардан табылган. Алардын арасында волейболчу Александр Маркин, коньки тебүүчү Павел Кулижников бар.

Мельдоний гормондор жана метаболизмдин модулятору тобуна кирет. Аны организмдин физикалык жана психикалык чыдамкайлыгын жогорулатуу үчүн колдонот.

XS
SM
MD
LG