Ссылки доступа

АКШ вице-президенти Савченкону бошотууга үндөдү


АКШ вице-президенти Жо Байден Орусия бийлигине кайрылып, абакта жаткан украиналык учкуч Надежда Савченкого тагылган айыпты алып салууга жана аны тез арада бошотууга чакырды.

Ал бул маселеде туура тандоо жүргүзүү керектигин белгилеген. Билдирүүдө Надежда түрмөгө мыйзамсыз камалганын, ага коюлуп жаткан айыптоолор да чындыкка дал келбей турганды айтылат. Байден Савченкону украин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү катары мекенин коргоо үчүн бел байлаган жана өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер тарабынан уурдалган жаран экенин эске салды.

Ал Савченкону Украина элинин намысы жана күчү деп сыпаттады жана мекенине кайтып, Жогорку Рададагы депутаттык ордун ээлеши зарылдыгын белгиледи.

Учкуч Надежда Савченко 2014-жылы Украинанын чыгышында жикчилдерге каршы күрөшүп жүргөн мезгилде кармалып, Орусияга өткөрүлгөн. Ал эки орус журналистинин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда. Прокуратура Савченкону 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. Сот өкүмү ушул жумада чыгары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG