Ссылки доступа

8-мартта 8 метрден атлас


Тажикстандын Хатлон облусунун бийлиги 8-март Энелер күнүндө ар кыл кесипти аркалган 306 аялга атлас кездемесин белек кылды.

Хатлон облусунун админстрациясы 8-март Энелер күнүнө карата 306 айымга 8 метрден атлас тартуулады.

Хатлон облусунун админстрациясынын аялдар иши боюнча комитетинин төрайымы Санавар Самиева “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде сыйга татыгандар арасында активист аялдар, техникалык кызматкерлер, көчө шыпыргычтар, официанттар, ишкерлер, мугалимдер жана дарыгерлер бар экенин билдирди. Алардын баарына улуттук атлас кездемеси белекке берилди.

Самиева мындай жол менен жергиликтүү бийлик улуттук кийимди даңазалоого бел байлаганын кошумчалады.

Хатлон -Тажикстандагы эн ири облустардын бири. 3 миллионго жакын калкы бар.Алардын ичинен дээрлик тең жарымы айымдар.

XS
SM
MD
LG