Ссылки доступа

Назарбаев өзү түптөгөн партияны үгүтөөдө


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев эгер парламенттик шайлоодо калк өзү төрагалык кылган “Нур Отан”партиясына добуш берсе, өлкөдөгү реформаларды улантууну убадалады.

Мындай билдирүүнү ал Казакстан Эл Ассамблеясынын республикалык форумунда билдирди.

Казак президентинин пикиринде, партиянын максаты- “Нурлуу жол” багыттамасын ийгиликтүү жүзөгө ашырып, унаа, темир жолдорун салуу электрстанцияларды жана башка инфраструктуралык объектилерди, үйлөрдү, бала бакча, мектеп, ооруканаларды куруу.

Нурсултан Назарбаев эгер шайлоодо добуш берүү үчүн көп эл катышса, өлкөгө инвестиция агылып келерин кошумчалады. Мындай жол менен Казакстан элинин багыты бир экени дүйнө коомчулугуна белгилүү болорун айтты. Мамлекетти алдыга сүрөй турган парламент шайланса, инвестиция арбын келип, жаңы объектилер көп куруларын баса белгиледи.

Шайлоо 20-мартка белгиленген. Оппозиция жана укук коргоо уюмдары парламенттик жана президенттик шайлоолорду мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү адатка айландырган бийликти сынга алууда. Нурсултан Назарбаев 1989-жылдан бери журт башчылыгында.

XS
SM
MD
LG