Ссылки доступа

БУУ: Тажикстан референдум өткөрүүгө даяр эмес


БУУнун сөз эркиндиги маселелери боюнча атайын баяндамачысы Дзвид Кей Тажикстанга болгон сапарынын жыйынтыгын басма сөз отурумунда ачыктап, 22- майга белгиленген референдумду өткөрбөөгө үндөдү.

Анын айтымында, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланган эмес, оппозициялык күчтөрдүн үндөрү угулбай калган. “Ошол үчүн биз аны өткөзбөөгө чакырабыз”, - дейт Кэй.

Расмий маалыматка ылайык, Дэвид Кей Дүйшөмбүгө 3-мартта тажик өкмөтүнүн чакыруусу менен келген. Ал өлкөнүн жетекчилиги, ММКлардын өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдар менен жолуккан.

Басма сөз жыйынында Кей оппозициялык партиялар, жарандык коом жана ММКларга болгон кысым, чектөөлөрдүн өсүүшүнө тынчсыздануусун билдирип, өлкөдө мобилдик байланыш менен интернет-сайттардын ишмердигин чектөө туура эмес экендигин эскертти.

XS
SM
MD
LG