Ссылки доступа

Ирактагы күрддөр “Ислам Мамлекетин” ууландыруучу курал колдонууда деп айыптоодо


Ирактагы күрддөрдүн өкүлдөрү “Ислам Мамлекети” тобунун согушкерлерин өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү атышуу учурунда ууландыруучу заттарды колдонду деп айыптоодо.

Снаряддар менен аткылоо түркмөн-шииттер жашаган Киркук аймагында жүз берген. Натыйжада 40тай адамдын дем алуу органдары жана терилери жабыркап, ооруканага түшкөн. Курман болгондор жок.

Күрддөрдүн кол башчысы кабарлагандай, бул чөлкөмдө 24 снаряд жана ракета коё берилген. Күн мурун сириялык күрддөр президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан башка ислам экстремисттерин жана согушкерлерин Алеппо өрөөнүндө химиялык куралдарды пайдаланууда деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG