Ссылки доступа

Тажикстанда Рогун жашоочулары кармалды


Борбордон 90 чакырым алыс жайгашкан Рогун шаарынын жашоочуларын милиция кармап, Дүйшөнбүгө алып келди.

Себептери али белгисиз. Туугандарынын айтымында, кеминде 15 адам кармалган. Жакындары аларга намазды салафилердей болуп окушат деген кине тагылып жатканын ырастап, бошотулушун талап кылууда. Ал эми милиция сурак аяктамайынча маалымат берилбесин билдиришти.

Буга чейин Тажикстандын ички иштер министрлиги жаштардын диний-экстремисттик уюмдарга кошулуп кетишин алдын алуу үчүн «Активист» деген топторду түзүү демилгесин көтөргөн. Алардын мүчөлөрү калкка исламдын, пайгамбардын хадистеринин маани-маңызын түшүндүрүп турмакчы.

XS
SM
MD
LG