Ссылки доступа

Обама: Орусиянын дүйнөдөгү позициясы алсырады


АКШ президенти Барак Обама “Атлантик” журналына маек куруп, тышкы саясатка арналган суроолордун биринде Орусиянын президенти Владимир Путинге баа берди.

Обаманын пикиринде, Путиндин тышкы саясаттагы аракеттери үчүн орусиялыктар ири чыгым тартты.

Бирок Путинди “жагымсыз жана орой” адам катары эсептебей турганын билдирди.

“Чын-чынына келгенде, Путин баардык жолугушууларда өзүн өтө сылык жана ачык-айрым алып жүрөт.Ал көп эле жолу башкаларды эки саат күттүрүп койсо, мага эч качан андай мамиле жазабайт”, -деди АКШ президенти.

Обаманын баамында, Путин АКШ менен болгон мамилени өтө олуттуу деп эсептейт.

“Ал дайыма биз менен тең даражада болууга кызыктар. Чындыгында Путин акылсыз эмес. Ал Орусиянын дүйнөдөгү позициясы алсырап баратканын түшүнүп турат. Крымды басып алышы же Асадды колдошу-аны маанилүү оюнчу кыла койбойт ”.

Обаманын айтымында, Орусия Украинаны мурдагыдай эле тымызын көзөмөлдөп турганда, азыркыга салыштырмалуу алда канча кубаттуу болчу.

XS
SM
MD
LG