Ссылки доступа

Өзбекстанда уятсыз жарнамаларга тыюу салынат


Өзбекстанда «Жарнама жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн долбоору иштелип чыкты.

Жаңы мыйзам долбоору Мамлекеттик интерактивдүү кызматтардын бирдиктүү порталында коомдук талкууга чыгарылган. ММКлар жазып чыккандай, коммерциялык жарнамаларда уятсыз көрүнүштөргө тыюу салынган.

Андан сырткары, оюн-зоок үчүн жасалган компьютердик программалардын жарнамасын да токтотуу демилгеси иштелип чыккан. Мыйзам долбооруна ылайык, окуучулар менен студенттердин окуу дептери жана китептерине чыгарылган жарнамалар мындан ары болбошу керек.

Мыйзамда жарнамага болгон талаптар аныкталган. Аларга ылайык, өспүрүмдөргө арналган жарнамада чыныгы же жасалма куралды колдонуп, балдарды экстремалдуу кырдаалда көрсөтсө болбойт. Жарнама жашы жетпегендерге буюмдарды сатып алууга чакырбаш керек. Балдарды көбүрөөк тамактандырууга же негизги тамакты шириндиктер менен алмаштырууга арналган чакырыктарды да колдоого алынбайт.

XS
SM
MD
LG