Ссылки доступа

Москвада наристени өлтүргөн аял психиатриялык ооруканага жаткырылды.


Москвада наристени мыкаачылык менен өлтүргөн Гүлчехра Бобокулова убактылуу камоо жайындагы оорукананын психиатриялык бөлүмүнө жаткырылды.

Бул туурасында “РИА Новости” укук коргоо органдарындагы булактарына таянып билдирет.

Бобокулова 29-февралда “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп, өзүнүн “жанкечти” экенин жар салып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөнү кабарланган.

Өзбекстандын бийлиги Бобокулова 2002-жылдан бери "шизофрения" дарты менен каттоодо турганын билдирген.

Кичинекей наристени өлтүргөн аялга айып 4-мартта тагылган. Федералдык коопсуздук кызматы Бобокулованын террористер менен байланышы болушу ыктымал деген версияны иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG