Мындан тышкары эч кандай митинг болбогонун, Тажикстанда мыйзамсыз жыйындарга тыюу салынганы баса белгиленген.
Үч күн мурун жаш жигиттер кармалып, Дүйшөмбүнүн Фирдавси райондук милиция бөлүмүнө алып келинген. 9-март күнү Калаи Нав конушунун жашоочулары чогулуп, аларды бошотууну талап кылган.
Алар салафи агымынын идеяларын колдойт деген шек менен кармалганы белгиленүүдө. Кармалгандар арасында Рогундун Калаи Нав конушунун имам-хатиби жана жергиликтүү бир дарыгер да бар.
Буга чейин Тажикстандын ички иштер министрлиги жаштардын диний-экстремисттик уюмдарга кошулуп кетишин алдын алуу үчүн «Активист» деген топторду түзүү демилгесин көтөргөн. Алардын мүчөлөрү калкка исламдын, пайгамбардын хадистеринин маани-маңызын түшүндүрүп турмакчы.