Президентинин укуктук маселелер боюнча жардамчысы Махамадали Ватанзоданын пикиринде, конституцияны өзгөртүү боюнча референдум негизги мыйзамга жана элдин каалоосуна жараша жүргүзүлүп жаткан Тажикстандын саясий иш чарасы экендигин эске салды.
Буга чейин БУУнун сөз эркиндиги боюнча Атайын баяндамачысы Дэвид Кей Тажикстандагы иш сапары учурунда маалымат жыйынын куруп, референдум эч даярдыксыз жана талкуусус майга белгиленгенин жарыялаган. Мындан тышкары оппозициялык партияларга, жарандык коомго, Тажикстан ММКларына коюлган чектөөлөр жана басымдар көбөйүп жатканын кошумчалаган.