Ссылки доступа

Кыргызстанда бийлик партияларды добуш сатып албоого чакырды


Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Ош шаардык кеңеши үчүн шайлоого катышкан саясый партиялар менен жолугушууда шайлоочулардын добушун сатып албоого чакырды.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Сарпашев өлкө биометрикалык шайлоо аркылуу кайталанма добуш берүү жана бюллетендерди урнага массалык таштоо өңдүү эски көрүнүштөн таптакыр арылганы менен, башка көйгөйлөр да бар экенин айтты.

Анын белгилешинче, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу көрүнүшүнө бөгөт коюла элек жана шайлоону ушул терс адат булгап жатат.

Мындан тышкары да шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы партияларга кенен түшүндүрмө берген.

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 27-мартка белгиленген. Калаадагы 100 миңден ашык шайлоочу 73 шайлоо участкасында добуш берет. Добуштардын 7% алган партия өттү деп саналат.

XS
SM
MD
LG