Ссылки доступа

Савченко ачкачылыкты токтотпойт


Орусияда камакта жаткан украиналык учкучтун абалы менен ишембиде коомдук байкоочулар таанышып чыгышты.

Бул тууралуу орусиялык көз карандысыз журналист Виктория Ивлева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына ылайык, байкоочулар Надежда Савченконун абалы туруктуу экенин, күн сайын эки ирет кан басымы жана дене табы өлчөнүп, учкуч өзү медициналык тейлөөдөн баш тартып жатканын кабарлашты. Надежда суу ичип жатканы белгилүү болду. Ал байкоочуларга ачкачылыкты токтотпосун айткан.

10-мартта Савченконун адвокаты Марк Фейгин, ал Украина президенти Петр Порошенконун өтүнүчү менен кургак ачкачылыкты токтотконун жарыялаган. Кийинчерээк Порошенконун каты жасалма экени аныкталып, буга байланыштуу Фейгин ал катты тамашалап жазганын моюнга алган эки азилчиге кылмыш ишин козготууну көздөөдө. 21-22-мартта Орусиянын Ростов облусунун Донецк шаардык соту бул иш боюнча өкүм чыгарат.

Савченко 2014-жылдын июлунда Украина чыгышындагы урушту чагылдырып жүргөн орусиялык эки журналисттин өлүмүнө алып келген минометтук аткылоонун координаттарын түздөп турган деп айыпталууда. Мамлекеттик айыптоо ага адам өмүрүнө кол салуу жана Орусия чек арасынан мыйзамсыз өтүү боюнча расмий айып тагып, соттон аны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Савченко коюлган айыптарды четке кагып, өзүн орусиячыл жикчилдер уурдап, Орусияга күчтөп өткөрүп бергенин кайталоодо. Украина, Орусия жана башка өлкөлөрдө учкучту токтоосуз бошотуу талабы менен акциялар өтүп келет.

XS
SM
MD
LG