Ссылки доступа

Тергөө комитети Кадыровдун үстүнөн жазылган арызды Чеченстанга жөнөттү


Күн мурун Федералдык коопсуздук кызматы Чеченстан башчысынын Инстаграмга жарыялаган видеосу мыйзамга каршы келбей турганын билдирген.

Буга чейин ПАРНАС партиясынын төрагасы Михаил Касьянов Рамзан Кадыровдун жоопкерчилигин кароо өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган. Тергөө комитети саясатчынын арызын республиканын тергөө башкармалыгына жөнөттү. Бул туурасында ПАРНАС партиясынын орун басары Владимир Кара-Мурза твиттердеги баракчасына жазды.

Михаил Касьянов жана анын орун басары Владимир Кара-Мурзаны снайпердин бутасына алынган видеону Рамзан Кадыров 31-мартта Инстаграмга жарыялаган. Тасмада “Касьянов Страсбургга орус оппозициясы үчүн акча алганы келди” деген тема коюлган болчу.

Оппозиционерлер ал видеону “өлтүрүүгө тикелей” шыкак берүү деп баалашкан жана Федералдык коопсуздук кызматына кайрылышкан.

Кызмат өкүлдөрүнүн пикиринде, Чеченстандын жетекчисине таандык видеоролик мыйзамга каршы аракеттерди камтыбайт.

XS
SM
MD
LG