Ссылки доступа

Матаевди коргоо комитети мыйзам бузуулар тууралуу маалымдады


Бүгүн Алматадагы Улуттук басма сөз клубунда Сейитказы Матаевди коргоо комитети маалымат жыйынын өткөрдү.

Катышуучулардын пикиринде, Казакстандын жемкорлукка каршы бюросу Журналисттер бирикмесинин башчысы Матаевдин ишин кароодо мыйзам бузууларга барып жатат.

Басма сөз жыйынга "Адил Сөз" фондунун башчысы Тамара Калеева, “Адамдын укуктары боюнча хартия” корунун аткаруучу редактору Жемис Турмагамбетова, "Ак Жайык" медиа-холдингдин башчысы Абдилда Мукашев жана Матаевдин жактоочулары Андрей Петров менен Мадина Бакиева катышты. Алардын айтымында, суракка чакырылган ММКардын редакторлорунан тергөөчүлөр маалыматты элге таркатпоо тууралуу кол кат талап кылышып, Сейтказы Матаевдин үй-бүлөсүн дагы суракка алууга аракеттенишкен.

Матаевдин жактоочулары белгилегендей, “кылмыш иши боюнча материалдарын ММКларда таркатуу” үчүн Жемкорлукка каршы улуттук бюросунун башчысынын орун басары Талгат Татубаевди кылмыш жоопкерчиликке тартуу боюнча прокуратурага өтүнүч жиберилди.

Адвокаттардын айтымында, кылмыш ишин тергөө мөөнөтү 13-мартта бүткөн. Иликтөө иштерин узартуу боюнча жактоочу тарапка эч кандай кагаз келген эмес. Өткөн ишембиде Матаевдин ден-соолугунун начарлашына карабастан, тергөөчүлөр Матаевди суракка чакырууга аракет кылышкан.

Комитет таркаткан маалыматта Матаевге карата куугунтуктоо токтобосо, Астанада өтө турган EXPO-2017 көргөзмөсүнө европалык делегациялар катышпайт деп жазылган.

Ошону менен бирге Казакстандагы сөз эркиндиги боюнча кырдаал тууралуу Европарламенттин резолюциясы дагы айтылды. Аны 10-мартта 156 депутат жана 7 фракция колдоого алышкан. Резолюцияда журналисттерди куунтуктоону токтотуу чакырыгы бар.

Эскерте кетсек, Матаевке мамлекеттик каржатты уурдоо жана салык төлөдөн баш тартуу айыптары коюлган. 24-февралдан тарта ал үй камагына чыгарылган.

XS
SM
MD
LG