Ссылки доступа

Тажикстанда белгилүү адвокаттын экинчи уулу дагы камалды


Тажик жактоочусу Исхок Табаровдун дагы бир уулу Далер Табаров укук коргоо органдары тарабынан кармалды.

Буга чейин адвокаттын тун уулу Фируз Табаров өкмөткө каршы аракеттери жана чакырыктары үчүн 13,5 жылга эркинен ажыратылган.

Жактоочунун экинчи баласы “кылмышты жашыруу” беренеси боюнча айыпталууда. Күнөөсү далилденсе, эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Табаров уулунун камалышын адвокаттык ишмердүүлүгүнө басым катары сыпаттады.

Исхок Табаров тажикстандык белгилүү ишкер Зайд Саидовдун кызыкчылыгын коргойт. Ага бир нече беренелер менен айып тагылып, 29 жылга эркинен ажыратылган.

Жактоочулардын пикиринде, Зайд Саидов “Жаңы Тажикстан” деген партия түзгөнүн жарыялагандан кийин бийликтин ырайымынан четтетилген. Бул партия расмий түрдө каттоодон өткөн эмес.

Саидовдун ишин Табаров менен бирге белгилүү адвокаттар Шухрат Кудратов, Фахриддин Зокиров карап келген. Алар дагы куугунтуктоолорго кабылган. Шухрат Кудратов соттолуп жана адвокаттык иш менен алектенүүсүнө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG