Ички иштер министрлиги кабарлагандай, 700дөн ашуун мигрант Грецияга мыйзамсыз келген. Армия жана полиция аларды кайтаруу чараларын көрүүдө. AFP агенттигинин маалыматына ылайык, мигранттарды коштоп жүргөн 20дай журналист полиция бөлүмүнө жеткирилди.
Грециянын Идомени кыштагында жайгашкан качкындардын лагеринде 14 миңдей адам бар. Өткөн жумада Македония мигранттарды мындан ары кабыл албай турганын айтып, “балкан каттамын” жаап таштаган.