Ссылки доступа

Тажикстанда адвокаттар сынактан өтө албай кыйналууда


Тажикстанда Юстиция министрлигинин атайын комиссиясы адвокаттарды сынактан өткөрүүдө.

Согдий облусунда өткөн сынакта 200 жактоочудан 30у гана адвокаттык ишмердигин улантууга уруксат алышкан.

Аттестациянын катышуучунун бири белгилегендей, Адвокатура жөнүндө мыйзамга ылайык ар бир жактоочу комиссиянын 100 суроосуна жооп бериш керек. Соболдор-юриспруденция гана эмес, Тажикстандын саясаты, Конституция, тарых жана маданиятына тийиштүү.

Тажикстандын Адвокаттар уюмунун башчысы Саидбег Нуриддинов маалымдагандай, сынактан өткөндөрдүн саны өтө эле аз, бирок ал кийинки сапар көбүрөөк жактоочулар өтөт деп ишенет.

Сынактан өтпөй калган жактоочу билдиргендей, анын келечектеги жумушу күмөн жаратууда. “Бир четинен мен эми адвокаттык ишмердигимди токтотушум керек, экинчиден, мен баштаган иштеримди бүтүрүшүм зарыл. Президенттин парламентке жиберген катынын стратегиялык максаты эмнеде, Жогорку Кенештин 16 сессиясынын негизги тарыхый жетишкендиктери, өзгөчө кырдаал кайсы учурда жарыяланат жана Тажикстанга биринчи поезд качан келген деген суроолор берилди”, - дейт ал.

Эл аралык уюмдар белгилегендей, аттестациянын максаты- бийликке оңтойсуз адвокаттарга кысым көрсөтүү жана ишмердигинен четтетүү. Тажикстанда акыркы 2 жылда резонанстуу иштерди алып барган бир нече жактоочу камакка алынган. Айыптоолор менен камакка алуулар өздөрүнө гана эмес алардын үй-бүлөлөрүнө дагы таасирин тийгизди.

XS
SM
MD
LG