Ссылки доступа

Казакстандык блогердин апелляциялык арызы каралган жок


Жамбыл облустук сотунун апелляциялык коллегиясы блогер Ермек Тайчыбековдун арызын кароодон баш тартты. Мындан тышкары сот өкүмдү өзгөрүүсүз калтырды.

Ишке төрагалык кылган Светлана Яковлева коллегиянын токтому 24-марттан тарта күчүнө кирерин кабарлады.

Орусиячыл көз карашы менен таанымал 38 жаштагы блогер Ермек Тайчыбеков өткөн жылы Facebook социалдык түйүнүнүнө элди козуткан, чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялаганы үчүн 4 жылга эркинен ашыратылган. Аk Тараздагы тергөө абагында жатат.

Тайчыбеков күнөөсүн моюнга алган жок жана кылмыш иши саясий себептер менен козголду деп сыпаттоодо. Ал өкүмдү өзгөртүү боюнча сотко доо арыз менен кайрылган жана ноутбугунун талкаланышы боюнча дооматын билдирген. Бул боюнча Жогорку Соттун төрагасына жолдогон каты күн мурун iarex.ru сайтында жарыяланган. Тайчыбеков эң башкы далилдерди сактап, күнөөсүз экендигин Жогорку Сотто тастыктагысы келет.

XS
SM
MD
LG