Ссылки доступа

Норвегияда террорист Брейвиктин доо арызы боюнча сот жараяны башталды


Ослонун борборунда 77 кишини жардырып өлтүргөнү үчүн 21 жылга эркинен ажыратылган террорист Андрей Брейвик бүгүн Норвегиянын сотунда сөз сүйлөйт.

Ал сотко доо арызы менен кайрылган. Брейвиктин жактоочулары ага карта түрмөдө жазалган мамилени аша чапкандык катары баалашууда.

Брейвик 2011-жылы 77 адамды өлтүргөн. Ослонун борборуна бомба жардырып, андан соң Утойа аралындагы жаштардын жайкы лагерин аткылаган болчу. Айыпталуучу бул кылмыштар үчүн өзүн күнөөлүү деп санабай тургандыгын, ал “маданий марксизмден” жана каптап кирген мусулмандардан Европаны сактап калуу үчүн ушундай кадамга барганын айтып берген.

37 жаштагы Брейвик башкалардан обочо-жалгыз бөлмөдө камалганына нааразы. Норвегиялык сот муну менен Адам укуктары боюнча европалык конвенцияны бузуп жаткандыгын айтууда. Прокуратура анын пикирин четке кагууда.

XS
SM
MD
LG