Ссылки доступа

Махабат кечтерин сүйгөн өзбек погончондору кармалды


Ташкентте мамлекеттик резиденциянын аймагындагы коттеждерди интимдик жолугушуулар үчүн пайдаланган прокуратуранын, атайын кызматтын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кармалды.

Uzmetronom интернет басылмасы кабарлагандай, Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кара беткаптарды кийип алып, Ташкенттин борборундагы “Түркестан” мамлекеттик резиденциясында рейд жүргүздү.

Атайын операциянын жүрүшүндө прокуратуранын, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кызмат абалынан пайдаланып, Ак сарай менен ИИМдин имаратынан алыс эмес жайгашкан конок үйлөрдө махабат кечтерин өткөрүп келишкени аныкталды.

32 адам резиденциядан үч жүз метр гана алыс жайгашкан Ички иштер министрлигине жеткирилди. Uzmetronom басылмасынын башкы редактору Сергей Ешков өз булагына таянып билдиргендей, кармалгандар жооруктарын түшүндүрүп берүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG