Клунини белгилешинче, журналист айымга каршы козголгон иш саясий максатты көздөйт. Жактоочунун пикиринде, бул иш Азербайжан президенти Ильхам Алиев жана анын үй-бүлөсүнө байланыштуу коррупциялык көрүнүштөрдүн иликтенишине бөгөт коюу максатында козголгон.
«Мен жалпы мамлекет каршы чыккан бир журналисти коргоо керек деген ишенимдемин.Өкмөт Хадиджа сыктуу журналисттерди жана сынчыл көз караштагы жарандардын оозун жабуу үчүнбийлик өз укугун кыянаттык менен пайдаланууда”,-деди ал.
Хадиджа Исмайлова “Азаттык” жана башка ММКлар аркылуу элге жарыяланган иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарынан кийин белгилүү болгон.Ал 2014-жылдын декабрында Бакуда камакка алынган. Өткөн жылдын сентябрында Бакунун соту Хадиджны жети жарым жылга абакка кесүү өкүмүн чыгарган.