Ссылки доступа

Казак президентинин жээни отставкага кетти


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни, Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Алиев Астана акиминин орун басарлыгынан кеткенин жарыялады. Ал бул кызматка 2014-жылдын декабрь айында дайындалган.

“Мен өзүмдү көп жыл бизнеске арнадым. Жүрөгүмө жакын нерсе- каржы боштуктарын толтуруу жана өнүктүрүү, компаниянын экономикалык дараметин ачуу. Андыктан мен Астананын акиминин орун басарлыгынан кеттим. Мындан ары сүйүктүү ишим болгон бизнес менен алектенем ”, -деген ал Tengrinews.kz сайтына берген маегинде.

31-жаштагы Нурали Алиев батышта билим алып, буга чейин “Нурбанк”, “Казакстандын өнүктүрүү банкы”, “Транстелекомдо” эң жогорку кызматтарды ээлеп келген.

Анын апасы Дарига Назарбаева-өлкөнүн вице-премьери. Атасы Рахат Алиев убагында “Нурбанк” банкын көзөмөлдөп, кийин кылмыш иши козголуп, абакка түшкөн. 2015-жылдын февраль айында ал Венада түрмөдө асылып калган жеринен табылган.

XS
SM
MD
LG