Ссылки доступа

АКШ сенаты жалган маалыматтарга каршы күрөшүүчү мыйзам долбоорун талкуулайт


АКШнын жаңы мыйзамы чет өлкөлүк өкмөттөрдүн маалымат согушуна жооп бере турчу анализдөө борборун түзүүнү камтыйт.

АКШнын сенаты Орусия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн “пропаганда жана жалган маалыматтарына” каршы күрөшүүгө багытталган жаңы мыйзам долбоорун карайт. “2016-жылдагы маалымат согушуна каршы аракеттенүү” деп аталган документ АКШ Конгресинин жана көптөгөн европа борборлорунун жалган маалымат менен күрөшүү чакырыгынан кийин талкууланууда.

Атлантиканын эки тарабындагы мыйзам чырауучуларды жана саясатчыларды Украина жана Евробиримдиктин чет жакасына, НАТОго Орусия өз аракеттерин башкача өңүттө көрсөтүшү тынчсыздандырууда.

Евробиримдик Кремлдин каржылык колдоосу астында иштеп жаткан РТ жана “Спутник” ММКларына каршы аракеттенүүчү чакан кызмат түздү. НАТО дагы орус пропогандасына туруштук берүү үчүн Латвияда Стратегиялык коммуникация борборун ачты.

Мыйзам долбоору республикачыл-сенатор Роб Портман менен демократ-сенатор Крис Мерфи тарбынан сунушталган.

XS
SM
MD
LG