Ссылки доступа

Орусия Түркиядан алып келинген анар менен калемпирге дагы тыюу салды


Бүгүнтөн баштап Орусия Түркиядан келген айыл чарба азыктарына жаңы чектөөлөрдү киргизди.

“Россельхознадзор” мекемесинин маалыматына ылайык, тыюу Орусияга карата киргизилген санкциялар менен байланышкан эмес.

Түркиялык анар менен таттуу калемпирди Орусияга түз жана башка өлкөлөр аркылуу алып келүүгө болгон тыюу 17-марттан тарта киргизилет.

Россельхознадзор белгилегендей, Түркия ыраатуу түрдө өсүмдүк зыянкечи бар продукцияны өлкөгө алып келип турган.

Түркия менен Орусиянын мамилеси былтыртан бери курчуду. Ноябрь айында Түркия орусиялык Су-24 аскер учагын атып түшүргөн.

Орусия 2016-жылдын 1-январынан тарта Түркияга карата санкцияларды киргизген. Алардын арасында кээ бир тамак-аштарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган. Санкциялык тизмеге апельсин, мандарин, жүзүм, алма, алмурут, өрүк, шабдалы, кара өрүк, кулпунай, томат, бадыраң, пияз, түстүү капуста жана тоок менен күрптүн тоңдурулган бөлүктөрү кирген.

XS
SM
MD
LG