Ссылки доступа

Президент Аксы окуясынын курмандыктарынын эскерди


Алмазбек Атамбаев бүгүн Аксы районун Боспиек айылында кандуу окуянын 14 жылдыгын эскерүүгө катышып, анда каза болгон жарандар өлкөнүн эркиндиги, келечеги үчүн өмүрүн бергенин, ал эркиндикке шек келтирүүгө жол бербөө керектигин билдирди.

Жыйынга катышкан жергиликтүүлөр бул күнгө чейин дагы эле окуяга саясий баа берилбей келе жатканын белгилешти.

Бүгүнкү эскерүү чарасына 500гө чукул жаран катышты.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, 6 адам курман болгон. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөнгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган.

XS
SM
MD
LG