Ссылки доступа

Казакстанда мамлекеттик мекемелерде гажеттерди колдонууга тыюу салынууда


Жергиликтүү ММКлар маалымдагандай, Казакстанда мамлекеттик мекемелерде смартфон менен планшеттерди колдонууга тыюу салынууда.

Мындай чаралар айрым маалыматтар сыртка чыгып кетпеши үчүн көрүлүүдө.

Сүрөт, видеокамера, интернет-модулдары бар жабдууларга тыюу салынат. Агенттиктер билдиргендей, мекемелерде SMS жана чалууга ылайыкталган жабдууларды колдонууга болот.

«Интерфакс-Казахстан» агенттигине министрликтердин кызматкерлери маалымдагандай, бул айдын башында алар смартфон менен планшеттерди имараттарга алып кирбөө тууралуу премьер-министрдин канцеляриясынан билдирүү алышкан.

“24-марттан тарта мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салынат. Эми биз гажеттерди же үйдө калтырышыбыз керек, же жөнөкөй “баскыч” телефонду колдонушубуз керек”,- дейт агенттикке аңгемелешкен адам.

Башка кызматкердин айтымында, мындай тыюу апрелден тарта ишке кирет. “Бул-мессенжер аркылуу маалыматтын сыртка чыгып кетиши менен байланыштуу”, - дейт ал.

Өкмөттөгү булак бул маалыматты тастыктап, тиешелүү буйрук чыкканын кошумчалаган.

Ички иштер министри Калмуханбет Касымов белгилегендей, буйрук режимдик объекттилерде колдонот. “Биз күзөткө турган жерлерде бул буйрукту аткарабыз. Биздин кызмат оперативдүү, көптөгөн маселелер сыр бойдон калыш керек. Буга чейин деле жыйындарда мындай каражаттар колдонулган эмес”, - деген Касымов.

Социалдык өнүгүү жана саламаттыкты сактоо министри Тамара Дуйсенова маалымдагандай, өкмөттүк жыйындарда планшеттерди колдонгонго болот.

XS
SM
MD
LG