Ссылки доступа

Казакстан бачабаздарды химиялык жол менен бычат


Казакстан парламенти балдар укугун коргоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизди.

Документтин биринде жашы жете элек өспүрүмдөргө сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн кишилерди “химиялык кастрациялоо” жолу аркылуу жазалоо каралган.

Бачабаздык үчүн айыпталгандарды “бычууну” Башкы Прокуратура өткөн жылдын октябрында сунуштаган. Мыйзам долбоору Казакстан президентинин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Сенаттын депутаты Бырганым Айтимованын пикиринде, химиялык кастрация- сексуалдык зордук-зомбулукка тыюу сала турган бир жолку инъекция. Адам өмүр бою “жараксыз” болуп калбайт. Бычуу болсо, бир гана соттун чечиминен кийин жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG