“Мен Евробиримдиктин лидерлерине Европа парламенти менен чогуу иштелип чыккан “Савченконун тизмесин” бердим. Бул документ каралат деген үмүттөмүн. Менимче, бул ачык тизме жана Савченконун иши менен эле чектелип калбайт. Бул Орусияда кармалган ар бир украин жараны үчүн киригизилген тизме болуп калат. Мен Олег Сенцов, Александр Кольченко, Геннадий Афанасьев жана башкалар жөнүндөайтып жатам”-деди Украинанын президенти.
Еврокеңештин төрагасы Дональд Тукс Надежда Савченко, Сенцов баштаган камактагы башка украин жарандарын бошотууга чакырды.
Порошенко мындан тышкары Европага визасыз кирүүнү максат кылган Киевдин көптөн берки тилегин орундатууга жетишти.