Ссылки доступа

Путин: Орусия аскерлери Сирияга “бир нече саатта” эле жетип барат


Орусиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, анын өлкөсү Сириядагы аскерлеринин санын “бир нече саат ичинде” эле кайрадан көбөйтүүгө бардык шарты бар.

Ал үч күн мурун аскерлеринин айрым бөлүгүн аймактан алып чыгып кетүүгө буйрук берген. Орусиянын лидеринин билдиргенине караганда, Кремль “Ислам Мамлекети” тобу жана башка экстремисттер менен күрөштү улантуу үчүн жетиштүү сандагы аскерлерди аймакта калтырмакчы.

Ал: “Жакын арада баарыбыз жаңы олуттуу ийгиликке күбө болоорубузга ишенем”, - деп белгиледи. Путин ошондой эле ИМ көзөмөлүндө болгон байыркы Пальмира шаары президент Башар Асаддын өкмөттүк аскерлерине өтөөрүнө үмүт артаарын билдирди.

Сирия кампаниясы үчүн Орусиянын коргонуу министрлигинин бюджетинен 33 миллион рубль жумшалган. Ал ок-дарыларды толуктоого, курал-жаракка жана ремонт иштерине дагы кошумча каражаттарды жумшоо пландаштырылап жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG