Ссылки доступа

Кыргызстан менен Өзбекстан талаштуу тилкеден аскерлерин чыгара баштады


Кыргызстан менен Өзбекстан тактала элек тилкеге жайгаштырган аскерлеринин санын азайтты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Раимберди Дүйшөбиевдин маалыматына ылайык, Кербен-Ала-Бука жолундагы Чала-Сарт такталбаган тилкесинде аскер кызматкерлери дагы деле бар. Кечээ сүйлөшүүлөр жүргөн. Ага чейин алардын саны 20 болсо, азыр 8и калды.

18-мартта Жалал-Абад облусундагы Кербен-Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын чек арачылары кирип келишип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Буга жооп иретинде Кыргызстан да техника жана аскерин киргизген. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек.

XS
SM
MD
LG