Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө өзбек чек арачыларынын тобу аскерий техникасы боюнча 18-марттын таңында кирип алган. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол такталбаган аймакка кирет.
Чыр чыккан чөлкөм азыр күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынды. Чек арачыларды жана башка күч түзүм кызматкерлерин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев жетектөөдө. Кызыл-Кыядагы чек ара өткөрмө бекетин кошпогондо калгандары азыр жабык.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшенбиев билдиргендей, 20-мартта эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада такталбаган аймакка жайгашкан аскерлердин саны кыскартылган.