“Адыг-Юрактын"ээси жана директору Аслан Панештин айтымында, Новороссийский портуна азык-түлүктүн экинчи партиясы келди. Алардын ичинде 3 миңге чукул цитрус жемиштери, капуста жана томат бар. Панеш Пятерочка" жана "Магнит" чекене соода түйүндөрү менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
"Коммерсант” кабарлагандай, Нисанов менен Илиев "Адыг-Юрак" компаниясынын тең төрагалары болуп калуулары этимал. Алардын өнөктөшү-Ильгам Рагимов Forbes журналынын маалыматы боюнча президент Владимир Путиндин курсташы.
Түркиянын аскердик аба күчтөрү Орусиянын Су-24 учагын атып түшүргөндөн кийин ушул жылдын январь айынан тарта Түркиядан келген мөмө-жемиштерге тыюу салынган.