Буга чейин прокурор Савченкону 23 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн болчу. Ал өзүайыптоолорду четке кагууда. Жактоочулардын айтымында, Савченко өкүмгө нааразы болуп, даттанууга ниети жок. Учкуч өкүмдү тааныбай тургандыгын билдирип, эгерде аны Украинага жибербей турган болсо, “кургак” ачкачылыгын кайра баштай тургандыгын жарыялады.
Кечээ соттор коллегиясынын төрагасы өкүмдүн аныктоочу бөлүгүн окуп берген. Ага күбөлөрдүн дээрлик бардык көрсөтмөлөрү жана тергөөнүн демилгеси боюнча өткөрүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары кирген. Жактоочу Николай Полозовдун айтымында, жактоочу тараптын эксперттеринин материалдары өкүмдө болгону эки бетти гана ээледи. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, ушунун өзү эле өкүмдүн айыптоочу мүнөздө боло тургандыгын түшүндүрүп турат.
Донецкте Савченкону колдоп, эч ким деле акция өткөргөн жок. Учкучту жактаган дымактуу активисттерге Орусия эшигин жапты. Ошондой эле Украинанын Жогорку Радасынын депутаты, Донбасстагы жагдайды тынч жол менен жөнгө салуу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Ирина Геращенко да киргизилген жок.
ЕБнын Москвадагы өкүлчүлүгү Евробиримдиктин атынан украиналык учкуч аскерди токтоосуз бошотууну талап кылды.