Ссылки доступа

Сот Савченкону 22 жылга эркинен ажыратты


Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту орусиялык эки журналисттин өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан Савченкону айыптуу деп таап, 22 жылга эркинен ажыратты жана 30 миң рубль айыппул салды. Сот өкүмдү окууну 21-мартта баштап, соңуна чыгарды.

Савченко өзүнө коюлуп жаткан айыптоолордун бардык пункттары менен күнөөлүү деп табылды.

Прокурорлор аны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. 2014-жылдан бери камакта отурган Савченко күнөөсүн мойнуна албай, орусиячыл жикчилдер уурдап, Москвага өткөрүп бергенин белгилеп келет. Киев өкмөтү жана Батыш лидерлери аны саясий туткун экенин айтышкан.

XS
SM
MD
LG