Рауль Кастронун катышуусунда түз ободо сүйлөгөн сөзүндө Обама мамлекеттеги көйгөйлөр бир заматта жок болуп кетпей тургандыгын белгиледи. Ошондой эле демократиялык системага жогору баа берди.
«Көпчүлүк мени бул жерге кубалыктарды бир нерсенин түбүнө жетүүгө чакыруу үчүн келди деп ойлошот. Бирок мен жаркын келечекти кура турган куба жаштарына кайрылып жатам”, - деп кошумчалады ал. Обама акыркы 88 жыл ичинде бул аралга келип кеткен алгачкы америкалык лидер болуп калды. Ал мында кубалык бозгундар менен жолугушуп, ошондой эле Кастро менен чогуу бейсбол матчына күбө болду. Бүгүн АКШ президенти Кубадан Аргентинага жөнөп кетет.