Ссылки доступа

Брюсселде айдоочу жарыла элек бомбаны табууга жардам берди


Акыркы маалыматтарга караганда, 22-мартта Завентем аэропортунда жана Мэлбек (Maalbeek) метросунда болгон бир катар теракттардын айынан 30дан ашуун адам кайтыш болуп, 250 адам жараат алган.

Такси айдоочунун көрсөтмөсү менен полиция аэропорттон жарыла элек бомбаны таап алды. Ал адам жардыруудан бир нече саат өткөндөн кийин укук коргоо органдар менен байланышып, террорчуларды кайсы даректен алып кеткендигин айтып берген. Андан тышкары алардын көптөгөн жүктөрү болгонун, бирок унаага батпай калгандыгын билдирген. Айдоочу көрсөткөн дарек боюнча тинтүүлөрдү жүргүзгөндө полиция жардыруучу заттарды жана ичине мык толтурулган бомбаны таап чыкты.

Аталган айдоочу аэропортко келгенде жүргүнчүлөрдүн үчтөн ашык баштыгы болгондугун маалымдады. Анын аркасы менен аба майданында дагы бир жардыруучу зат табылды.

Белгиялык ММКлар жардырууларга тиешеси бар деп шектелген эки адамдын сүрөтүн жарыялашты. Алардын экөө өзүн-өзү жардырган жанкечтилер деп болжолдонууда. Террорчулар бир колуна мээлей кийип алышып, детонаторлорду катып алышкан деген божомол айтылууда. Ак кийимчен үчүнчүсү болсо, жардыруу болгонго чейин эле жашынып калгандай.

Теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобу өз мойнуна алды. Белгияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG