Ссылки доступа

Орусиянын Киевдеги элчиси Савченко Украинага өткөрүлүп бериле тургандыгын кабарлады


Орусиянын Украинадагы элчиси Михаил Зурабов Киевдеги жабык эшик артында өткөрүлгөн жолугушууда украиналык учкуч аскер Надежда Савченко жакын арада Мекенине өткөрүлүп бериле тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, Москва Савченкону Украинага марттын башында эле өткөрүп берүүгө даяр болчу, бирок Киевдеги орусиялык элчиликке кол салуудан улам бул чечимдин аткарылышы кийинкиге жылдырылган.

Эске салсак, Ростов облусунун Донецк шаардык соту Надежда Савченкону 22 жылга жалпы режимдеги колонияда жаза өтөөгө кескен. Ал 2014-жылдын жайында Луганск шаарында эки орусиялык журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып, күнөөлүү деп табылган.

Украинанын президенти Петр Порошенко Савченконун иши боюнча процессти “соттук шермендечилик” деп атады. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Савченкону Украинага кайтарып берүүнү убада кылгандыгын айтты. Порошенко анын оруна Киев “Украинага каршы согуштук агрессия үчүн кармалган” эки жоокерди Орусияга өткөрүп берүүгө даяр экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG