Президент Аксыдагы Чала-Сарт чөлкөмүнөн тышкары дагы тактала элек тилкелер бар экенин, аларды сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын кошумчалады.
18-мартта Өзбекстандын аскерлери кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесине эки БТР менен 40ка жакын жоокерин алып келип койгон. Кыргызстан жооп катары ушундай эле сандагы жоокер менен аскерий техникасын жайгаштырган. 21-мартта аскерлердин саны эки тараптан тең 8 адамга чейин кыскартылган.