Ссылки доступа

Акыйкатчы: реформалар “укуктарды системалуу илгерилеткенге” багытталган


Казакстандагы реформалар түздөн-түз өлкөдөгү адам укуктарын системалуу түрдө илгерилетүүгө багытталган. Мындай пикирин Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакиров билдирди.

Ал Женевада жумушчу сапары менен жүрөт. Акыйкатчы БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жетекчилиги менен жолугушту.

Шакиров бир ай мурун эле укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине жарандар тарабынан даттануулар көп болуп жатканын билдирген болчу.

Шакировдун Женевага болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө адам укуктарын камсыздоо, калктын аялуу топторунун укуктарын коргоо, ырайымсыз мамилелердин алдын алуу жана жабык мекемелерге мониторинг кылуу,БУУ органдарынын сунуштамаларын ишке ашыруу, ошондой эле жарандык коом менен иштешүү маселелери талкууланды.

Акыйкатчы ошондой эле Улуттук укук коргоо мекемелеринин эл аралык координациялык комитетинин отурумуна катышты.

XS
SM
MD
LG