Ссылки доступа

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кармалды


УКМК оппозициялык маанайдагы саясатычылар-Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду кармады. Бул тууралуу алгачкы маалыматты “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова билдирди.

Анын айтымында, "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду "Республика" гезитинин кеңсесинен бир нече УКМК кызматкери кармап кеткен.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлагандай, алар коомдук-саясий кырдаалды дестабилизациялап, андан ары бийликти күч менен басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр боюнча шектелип жатышат.

22-мартта интернетте оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген тымызын жаздырылып алынган эки аудио тасма тараган.

XS
SM
MD
LG