Ссылки доступа

Барак менен Мишель Обама Аргентинадагы кечеде танго бийин бийлешти (видео)


АКШ Президенти Барак Обама менен анын жубайы Мишель Аргентина президенти Маурисио Макри Буэнос-Айресте уюштурган кечеде танго бийин бийлешти.

ABC News агенттиги билдиргендей, аргентиналык бийчи Обаманы бийге чакырганда ал адегенде баш тартып, анан макул болгон. Бир аздан соң аларга Мишель Обама менен башка бийчи да кошулган.

Барак Обама Буэнос-Айреске Кубадан кийин келди. Бул-АКШ президентинин Аргентинага болгон акыркы 20 жыл ичиндеги алгачкы расмий сапары.

XS
SM
MD
LG