Ссылки доступа

Казакстанда жаңы мажилис ишин баштады 


Бүгүн төмөнкү палатанын алгачкы пленардык отуруму өтүп, төрагалыкка “Нур Отан” партиясынын мүчөсү Бактыкожа Измухамбетов шайланды.

Буга чейин 67 жаштагы Измухамбетов Атырау облусунун акими, мажилистин вице-спикери, ал эми 2008-2010-жылдары Батыш-Казакстан облусунун акими болуп иштеген.

20-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке үч партия келди. Президенттик «Нур Отан» партиясы 82,20 пайыз добуш алды. Бийликке ымалалаш «Ак жол» (7,18) менен Казакстандын коммунисттик элдик партиясы (7,14) дагы жеңишке жетишти. Алтынчы чакырылыштагы парламенттин биринчи сессиясы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусу менен өттү.

Мажилистеги 107 депутаттын ичинен 84ү «Нур Отан» партиясынын болсо, коммунистер менен «Ак жолдон» жетиден, Казакстан калктар ассамблеясынан 9 депутат бар.

Бүгүн ишке киришкен мажилис депутаттарынын 40 пайызын мурдагы чакырылыштын эл өкүлдөрү түзөт.

XS
SM
MD
LG