Ссылки доступа

Өзбекстан такталбаган чек ара аймагынан аскерлерин чыгарды


Өзбекстан Кыргызстандын Аксы районундагы такталбаган Чаласарт тилкесинен өз аскерлерин чыгарып, блокпостторун алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

26-март күнү Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшембиев кырдаалдын жөнгөрүлүшү боюнча президент Алмазбек Атамбаевге телефон аркылуу маалымат берди.

25-март күнү түштөн кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүү башталган. Өзбек тараптын демилгеси менен уюштурулган жолугушуу Баткендеги “Кызыл-Кыя автожолу” чек ара өткөрмө бекетинде болгон. Сүйлөшүү бир күн кечке созулуп, кечки саат онго жуук аяктаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Чаласарт тактала элек тилкесине Өзбекстандын чек арачылары кирип, ал жерде 18-марттан бери турган. Бул тилкенин аянты 38 гектарды түзүп, анын 1 миң 800 метри аркылуу Кербен - Ала-Бука жолу өтөт. Кийин кыргыз тарап буга жооп катары аталган тилкеге аскер техникасын жана чек ара аскерлерин жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG