Ссылки доступа

Тажикстанда кальянды колдонууга чектөө киргизүү сунушталууда


Саламаттыкты сактоо министрлиги өкмөткө жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Анда Тажикстанда тамеки заттары менен катар эле кальянды колдонууга жана жарнамалоого чектөө киргизүү сунушталган.

Демилге “Тамеки заттарын колдонууга чектөөлөр жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясына киргизилип, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Эгерде долбоор бекитилсе, коомдук жайларда кальянды колдонууга жана жарнамалоого чектөө киргизилет.

Тажикстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Навруз Жаъфаров бул долбоор аркылуу тамеки заттарын, анын ичинде кальянды колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатышканын билдирди.

Өлкөдө акыркы мезгилде кальян өтө популярдуу. Айрым ресторандар аны каалоочуларга кеңири сунуштап жатат. Кальянда тамеки аралашмасы, чөптөр менен алкоголдун бир нече түрү, ошондой эле жыт берүүчү заттар пайдаланылат.

XS
SM
MD
LG