Мелдеш кечки саат 19:00дө Дүйшөмбүнүн борбордук стадионунда өтөт. Таймаштын жүрүшүн Кыргызстандын аймагында Коомдук биринчи канал түз алып көрсөтөт.
Кыргызстандын формасы-кызыл, Тажикстандыкы ак түстө болот.
Кечээ таймаш алдындагы басма сөз жыйыны уюштурулган. Кыргызстандын улуттук курама командасынын Башкы тренери Александр Крестинин кызыктуу оюн болот деп күтүп жатат. “Стадион элге жык-жыйма толоруна үмүттөнөм. Албетте, кызыктуу оюн күтөбүз. Эки команданын тең бири бирине көрсөтө алгыдай таланты бар. Тажикстан ар дайым Кыргызстан менен кызыктуу ойнойт”, -деген тренер.
2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычында Кыргызстан "В" тайпасында Австралия, Тажикстан, Бангладеш, Иордания курамалары менен ойноду.
7 оюндан кийин Австралия 18 упай топтоп көч башында. Андан соң үч упайга кем чогулткан Иордания курамасы жайгашууда.
Кыргызстандын эсебинде 11 упай бар. Тажикстанда 5 упай бар. Сегиз оюн ойноп тандап алуу баскычында мелдештерин жыйынтыктай турган Бангладеш курамасы бир упайга ээ болду.